Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Президент Обама Янгондо


АКШ президенти Барак Обама Мянма оппозициясынын лидери Аун Сан Су Чжи менен кездешти. Обама Мянмага расмий визит менен барган АКШнын биринчи президенти. Обама Мянма үчүн демократиялашууну улантуу абдан маанилүү экенин Чжи айым менен болгон кездешүүдөн соң белгиледи:

- Биздин максатыбыз - демократизациянын импульсун сактоо. Ал деген ишенимдүү өкмөттүк мекемелерди куруу, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, этностук чатактарды басуу, ошондой эле өлкө жарандарынын билим алуу, дарылануу жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи 15 жылдай үй камагында отуруп, 2010-жылы бошотулган.

Барак Обама бүгүн эле президент Тейн Сейнге да жолукту. Мянма лидери Обаманы адам укугун жакшыртуу боюнча реформа менен тааныштырды.

АКШ президенти Янгонго келер алдында 50дөй саясый туткун абактан чыгарылганы маалымдалды. Мянманы узак жылдар аскерий хунта башкарган.

XS
SM
MD
LG