Израилдин авиачабуулдарынан дүйшөмбү күнү кеминде он палестиналык курман болгонун палестиналык медиктер маалымдашты. Израил армиясынын кабарлашынча, өткөн түнү ХАМАСтын жетекчилигине караштуу Газа секторундагы имараттарга 80ден ашуун сокку урулду.
Улуттар Уюмунун Башкатчысы Пан Ги Мун бүгүн Египетке келет. Визиттин максаты-Египет президенти Мухаммад Морсинин Израил жана палестиндерди элдештирүү аракетин колдоо.
ХАМАСтын Израилди аткылоосуна жооп кылып, жөөт армиясы алты күн мурда Газадагы ХАМАСка таандык делген жайларга сокку ура баштаган. Бул арада бери дегенде 85 палестиналык жана үч израилдик набыт болду.