АКШ аскерлери Ооганстан менен Кошмо Штаттар ортосундагы келишимге карабай, оогандарды туткунда кармоону улантууда. Президент Хамид Карзай жекшемби күнү билдиргенге караганда, абактагылардын арасында ооган соту актаган жарандар да бар. Туткун оогандарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимге эки өлкө мартта кол койгон. Бул келишимге жараша америкалыктар Кабулдун түндүк ныптасындагы Баграм түрмөсүн оогандардын башкаруусуна өткөрүп берүүгө тийиш. Абак жайда 3 миңдей ооган отурат.
Пентагондун түшүндүрүшүнчө, ооган тарап абак жайды өткөрүп алганга даяр эмес болгондуктан, келишимди аткаруу кармалууда.
Пентагондун түшүндүрүшүнчө, ооган тарап абак жайды өткөрүп алганга даяр эмес болгондуктан, келишимди аткаруу кармалууда.