Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Ысык-Көлдө мыйзамсыз кармалган курал-жарактар алынды


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, мыйзамсыз курал-жарактарды колго түшүрүү үчүн аймакта “Арсенал” деп аталган операция өткөрүлдү. Анын алкагында Каракол шаарындагы көчөлөрдүн биринде курулуп бүтө элек үйдөн 16 мм. калибрдеги кесилген мылтык жана бытыра дүрмөтү менен табылды. Курал мурда кылмыш жасаганы үчүн камалып тергөөдө жүргөн Ак-Суу районунун тургунуна тиешелүү экени белгилүү болду. Ошондой эле Ак-Суу районунун Энчилеш айылынын тургунунун үйүнөн 5,6 мм. калибрдеги ТОЗ-8 мылтыгы кармалды. Учурда бул фактылар боюнча тергеп-иликтөө жүрүп жатат. (MK)

XS
SM
MD
LG