Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:13

Нарын: “хизбутчу” 6 жылга эркинен ажыратылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашынча, Нарындагы “Теплоком” ишканасынын 28 жаштагы кызматкери улуттук, расалык, диний жана аймактык араздашууну козуткан, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун ишине аралашкан деп айыпталып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаран ушул жылдын сентябрь айында диний-экстермисттик мазмундагы баракчаларды таратып жүргөндө кармалган. Үйүнөн дагы бир топ материалдар табылган.

УКМК сегиз диний уюмду экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизген. Алардын ичинен "Хизб-ут Тахрир" коомго көбүрөк коркунучтуу болуп турганы айтылган.

Аталган уюмдун мүчөлөрү он миңден ашкан, мурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында болсо, ушул тушта өлкө түндүгүндө ишмердигин күчөткөнү айтылууда.(EBM)

XS
SM
MD
LG