Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

ӨКМ: Бишкек - Ош унаа жолунда куткаруучулар күнү-түнү күзөттө болот


Аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде чукул жыйын өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Министр Кубатбек Боронов тиешелүү башкармалык жетекчилеринен соңку маалыматты алды.

Бийик тоолуу унаа жолдордун абалы, кокус өзгөчө кырдаал түзүлсө, кесепеттерин жоюуга болгон даярдыктар боюнча буга чейин берилген тапшырманын аткарылышын сурады. Кырсыктын алдын алуу боюнча дагы жаңы тапшырма берди.

19-ноябр, саат 16:00гө карата республиканын аймагындагы бардык жолдордо унаа үчүн каттамдар бар. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 25-30 сантиметрге чейин, ал эми Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда 10 сантиметрге чейин кар бар экендиги айтылды. Аталган аймактарда ушул тапта да кар жаап жатат.
Бишкек – Ош унаа жолунда кокус болуп кетүүчү ар кандай кырсыктарда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн мерчемдүү жерлеринде куткаруучулар түнү-күнү кезметте турушат.

Быйылкы жылы Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолуна да мобилдик турак жай жеткирилип, зарыл болгон учурларда куткаруучуларга, жол тейлөөчү мекемелердин кызматкерлери менен жабыркагандарга баш калкалоо үчүн бардык шарттарын түзүү менен жайгаштырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG