Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Кытай КП БКсында маанилүү өзгөрүү болду


Өкмөттүк Синхуа агенттигинин кабарлашынча, Саясий бюронун мүчөсү Мэн Цзянчжу Компартиянын Борбордук Комитетинин саясий жана юридикалык комиссиясынын катчысы болуп дайындалды. Мэн партиянын өткөн жумада аяктаган XVIII курултайынын жыйынтыгына ылайык, кызматтан кеткен төртүнчү муундун өкүлү, Саясий бюронун Туруктуу комиссиясынын тогуз мүчөсүсүнүн бири болуп жүргөн Чжоу Юнканды алмаштырды. Чжоудон айырмаланып, Мэн 25 мүчөлүү Саясий бюронун мүчөсү. Бул Саясий жана юридикалык комиссиясынын макамы төмөндөгөнүн түшүндүрөт. Бул комиссия өлкөнүн полиция күчтөрүн, ички коопсуздук системасын жана сотторунун ишин көзөмөлдөйт. Бул сектордун бюджети 111 миллиард доллар же Кытайдын коргоо бюджетинен бир кыйла чоң.

XS
SM
MD
LG