Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

D-8 өлкөлөрү Исламабадда кездешүүдө


Дүйшөмбү күнү Исламабадда сегиз чоң мусулман мамлекетинин өз ара экономикалык мамилени бекемдөөгө арналган жыйыны башталды. Пакистандын премьер-министри Раджа Первез Ашраф Өнүгүп бараткан сегиз өлкөнүн же D-8 тобунун жыйынында сүйлөп, 2018-жылга бул өлкөлөрдүн өз ара соодасы 500 миллиард долларга жетиш керек деди.

D-8 тобунун бейшемби күнү болчу бир күндүк саммитине Иран, Египет, Индонезия, Түркия, Нигерия, Бангладеш, Малазия жана Пакистандын лидерлери катышат.
Сегиздиктин Борбордук банктарынын башчылары өз ара кызматташууну жакшыртуунун жаңы жолдорун талкуулашмакчы. D-8 өнүгүп бараткан мусулман мамлекеттери арасындагы экономикалык карым-катнашты чыңдоо максатында 1997-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG