Өкмөт алдындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы жылга чейин Жерүй кенин иштетүүгө конкурс өткөрүү үчүн комиссия түзүлөт. Ага министрликтердин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары кирет. Комиссия конкурс өткөрүүнүн жол-жобосун аныктап, кенди сатыкка коюунун шарттын белгилейт.
2010-жылдын этегинде кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон. Бирок буга “Жерүй алтындын” жетекчилиги макул болбой сотко кайрылган.
Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналган Жерүйдө болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.