2013-жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар электрондук тартипте гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу финансы минисрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чара мамлекеттик сатып алуу учурундагы коррупцияга бөгөт коюу максатында көрүлүүдө. Буга чейин мамлекеттик сатып алуулар эң коррупциялашкан тармак катары аныкталган. Мисалы, 2011-жылдагы мамлекеттик сатып алуунун деңгээли 15 миллиард сомдон ашкан. Анын кеминде 20 пайызы жеке адамдардын капчыгына кеткен.