Жогорку Кеңештин аппараты Бишкек шаардык сотунун парламент депутаттарынын айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыктоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну суранып Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттардын маянасын ачыкка чыгаруу үчүн соттошуп жаткан “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын юристи Азамат Адилов кабарлады.
Быйыл жыл башында жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңеш депутаттарынын алган айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыктоо максатында парламент аппаратына кайрылган. Бирок парламент мындай талап мыйзамсыз деп, тараптар сотто беттешкен. Жогорку Кеңеш аппаратынын жүйөөсүндө, депутаттардын маянасы кызматтык максатта гана колдонууга боло турган купуя маалыматтардын катарына кирет.
25-июлда район аралык сот укук коргоочулардын талабы жүйөлүү деген чечим чыгарган. Бирок Жогорку Кеңеш доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. Бишкек шаардык соту да 8-ноябрда укук коргоочуларды жактаган чечим чыгарган.