Дүйшөмбүдө өлкөнүн эң чоң ислам партиясынын мурдагы төрагасы Казы Хусейн Ахмад машинеде баратканда жанкечти аял өзүн жардырып жиберген. Мохманд регионунда болгон окуяда бирок “Жамаат-е-Ислам” партиясынын мурдагы лидери жабыр тарткан жок. Анын үч жардамчысы менен жансакчысы жеңил жараат алышканы кабарланууда. Жардыруудан жанкечти өзү гана өлдү. Эч ким азырынча бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок жакында эле Пакистандагы талиптердин лидери Хакимулла Мехсуд “Жамаат-е-Исламды” жана анын мурдагы башчысын Пакистандын АКШны колдогон өкмөтүнө ар тараптуу жардам берип жүрөт деп айыптаган эле.