Орусиянын көп улуттуу Ставрополь регионунда эми жалпы билим берүүчү орто мектептерде динге байланышкан кийим кийгенге же символдорду тагынганга тыйуу салынат. Крайдын губернатору журналисттерге сүйлөп жатып, чечим жакында Нефтекумск районунда болгон окуяга байланыштуу кабыл алынганын айтты. Өткөн айда ал жерде бир топ ата-энелер алардын жоолук салынган кыздарын мектепке киргизишпегенине нааразылык билдиришкен эле.
Жаңы чечимге ылайык, бир эле диний эмес, өтө ачык кийимдерди же узун такалуу бут кийимдерди кийүүгө да болбойт. Жаңы шарттар 20-декабрдан тарта күчүнө кирет. Ставрополь крайы Орусиянын мусулмандар эң көп отурукташкан Чеченстан, Дагестан, Кабардино-Балкария жана Карачаево-Черкесия республикалары менен чектешет.