Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Акыйкатчы институтунда балдар укугу боюнча кызмат түзүлдү

Жаңы кызмат он бир адамдан турат жана андагы жети кызматкер ар бир облустагы балдар укугуу боюнча кырдаалды түздөн түз көзөмөлдөмөкчү. Акыйкатчы институту кабарлагандай, жаңы кызмат бүгүн, 20-ноябрь - Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүн утурлай ачылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамды өзгөртүп, Балдар акыйкатчысын түзүү демилгесин көтөргөн. Бул мыйзам долбоорду парламент кабыл алган, бирок президент вето койгон. Балдар акыйткатчысын түзүүгө акыйкатчы Турсунбек Акун каршы чыгып жаткан.

Кыргызстанда калктын 40 пайызын балдар түзөт. (EBM)
XS
SM
MD
LG