Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Уюкфон номерлерин каттоо боюнча мыйзам долбоор даярдалат


Ички иштер министрлиги уюкфон номерлерин (СИМ-карта) каттоо боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Шамил Атаханов парламентте Мыйзамдуулук, укук тартиби жана уюшма кылмыш топтор менен күрөш комитетинин жыйында билдирди. Атаханов сим-карталарды эркин сатууну тыюу тууралуу мыйзам кабыл алынса кылмыштуулук азаярын белгиледи. Министрдин сунушун айрым депутаттар колдоп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да уюлдук телефондорду каттоо боюнча демилгелер көтөрүлүп, мыйзам долбоор даярдалышы керектиги айтылып жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG