Бүгүн Жогорку Соттун кайрадан шайланган төрайымы Феруза Жамашевага, анын орун басарларына жана судьяларына кызматтык күбөлүк тапшырылды. Жогорку Кеңеш 13-сентябрда Сотторду тандоо кеңеши менен президенттен элегинен өтүп келген Жогорку Соттун 25 судьясын бекиткен болчу. Мында жалпысынан 35 судья тандалышы керек. Азыр бир орун боюнча талаш болуп, дагы тогуз орун үчүн сынак жүрүп жатат. Учурда сынактын экинчи айлампасы өтүүдө. (EBM)