Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

АКШда төрт адамга террорчулук боюнча айып коюлду


Алар “ал-Каида” менен Талибанга кошулуп, “жихадга” барууну көздөгөн деп айыпталууда. ФБРдин билдирүүсүндө ал төрт адамдын үчөөсү Калифорниянын түштүгүндөгү пейнтбол борборлорунда ок атуучу куралды колдонуу боюнча машыгуудан өтүшкөнү айтылат.

ФБР белгилегендей, аларга адам өлтүрүү, жарадар кылуу, уурдоо, чет өлкөдөгү мүлккө зыян келтирүү, АКШнын аскерлер менен жарандарын өлтүрүүнү көздөгөн кутум уюштуруу өңдүү айыптар тагылууда.

Кылмышка шектүүлөрдүн Интернет аркылуу сүйлөшүүлөрү азыр өзүлөрүнө каршы далил катары колдонулуп жатат.

Өткөн жума күнү Лос-Анжелестин тегерегинен кармалган үч адамды камоо сунушун кечээ сот колдогон. Кылмышка шектүүлөрдүн төртүнчүсү Ооганстанда камакта олтурат.

Эгер айыптуу деп табылышса, алар 15 жылга чейин абакка кесилүүсү мүмкүн.
(UE)

XS
SM
MD
LG