Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

БУУ баш катчысы Газада ок атышууну тезинен токтотууга үндөдү


Пан Ги Мун, Каир. 20-ноябрь, 2012-жыл.
Пан Ги Мун, Каир. 20-ноябрь, 2012-жыл.
Израил армиясы палестиндердин ХАМАС кыймылы көзөмөлдөгөн Газа секторун аткылап жатканына бүгүн жетинчи күнгө аяк басты.

Баш катчы Пан Ги Мун бүгүн Каирде Араб лигасынын башчысы Набиль ал-Араби менен кездешүү учурунда, ок атышууну тезинен токтотууга үндөп, Израилдин кургактагы операциясы кырдаалды олуттуу курчутарын эскертти:

- Маңызы жок кыянатчылыктардан улам үй-бүлөлөр жана балдар өлүүдө. Палестиналыктар менен израилдиктер кайрадан кийинки аба соккудан коркуп жашоого өтүштү. Бул токтошу керек. Кырдаалды дагы курчушун, анын ичинде трагедияга алып келүүчү кургактагы операцияга жол бербөө боюнча кадамдар тезинен жасалуусу абзел.

Ак үйдүн бүгүнкү жарыясына караганда, президент Барак Обама аймакка мамлекеттик катчы Клинтонду жөнөтүүдө. Буга чейин Вашингтон Израилдин ХАМАСтын ракеталарынан коргонуу укугун колдогон.

Израил армиясы соңку эки күндө Газада 100дөн ашуун жайларга, анын ичинде ок дары катылган кампаларга сокку урган.

Согушкерлер болсо түндө Израилди көздөй 20 ракета атышкан.

Израил операция баштаган өткөн шаршембиден бери Газада 110 адам, анын ичинде 27 жаш бала, көбүнесе жайкын тургундар каза тапты. ХАМАСтын ракеталарынан Израиль үч тургунун жоготкон. (UE)

XS
SM
MD
LG