Кылмыш иштердин алкагында 170тен ашык адам кармалганын Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Акбаев бүгүн “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын маалымдашынча, быйыл аталган уюмга байланыштуу 194 факт катталды. Былтыркыга салыштырмалуу мазмуну мыйзамга каршы келген баракча, китепче, видео диск өңдүү материалдар азайды. Акбаев муну “хизбутчулар” үгүттөөнүн, өз тарабына тартуунун жаңы ыкмаларына өтүп жатканы, Интернет, уюкфонду кеңири колдоно баштаганы менен түшүндүрдү.
Кыргызстанда диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары 1,5 миңден ашуун адам ИИмде расмий каттоодо турат. Анын 80ден ашык пайызын Хизб-ут Тахрир партиясына киргендер түзөт. (EBM)
Кыргызстанда диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары 1,5 миңден ашуун адам ИИмде расмий каттоодо турат. Анын 80ден ашык пайызын Хизб-ут Тахрир партиясына киргендер түзөт. (EBM)