Бүгүн ооган борбору Кабулдан түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан жана стратегиялык мааниге ээ Каписа провинциясынан француз жоокерлеринин акыркы 400ү чыгарылып кетти. Алар бул чөлкөмдөгү эки базада 2003-жылдан бери турушчу.
Өлкөнүн азыркы президенти Франсуа Олланд согуштук аракеттерге тартылган француз аскерлери Оогастандан декабрга чейин чыгарылып кетерин быйыл майда жарыялаган. Демек, француз жоокерлери АКШ жана НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү кетүүчү мөөнөттөн эки жыл эрте чыгууда.
Келерки жайга чейин Ооганстанда 2000дей француз жоокери кала берет. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар аскерий эмес милдеттерди аркалашмакчы.
Ооганстанда антитеррордук операция башталгандан бери Франция 88 жоокерин жоготкон.
Эми алардын кетип жатышын бүгүн Талибан кубаттады жана калган өлкөлөр да Франциянын жолун жолдоосу керектигин белгиледи. (UE)