Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Тажикстанда эмгек мигранттары менен иштеген компания ээси соттолду


Насрулло Замонов.
Насрулло Замонов.
Дүйшөмбүнүн соту Насрулло Замоновду “көз бойомочулук” кылган деп таап, он жылга эркинен ажыратты. Ал быйыл апрель айында “Замони Юнус” компаниясынын токсондой кардары укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин камалган.

Арыз ээлеринин арты Замонов Сауд Аравиясына жиберүү үчүн 400дөн 4500кө чейин доллар алганын, бирок убадасын аткарбаганынын билдиришкен.

Сот Замоновдун мүлкү конфискацияланып, ал өзү абактан чыккандан кийин да беш жыл жеке ишкерлик менен алектенбеши керек деп чечти.

Тажикстандын миңдеген жарандары эмгек мигранты катары тышта, көбүнесе Орусияда жүрүшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG