Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Абактагы Аскаровго Журналисттерди коргоо комитети сыйлык берди


Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген өзбек тектүү укук коргоочуга баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети “Прессанын эркиндиги үчүн” эл аралык сыйлыгын ыйгарды. Сыйлыкты тапшыруу жөрөлгөсү 20-ноябрда Нью-Йоркто өттү.

Бул сыйлык быйыл Аскаров менен катар Кытайдын, Бразилиянын, Либериянын үч журналистине да берилди.

Журналисттерди коргоо комитети өз билдирүүсүндө Азимжан Аскаровдун соттолушун Fergana News жана “Голос свободы” интернет басылмаларында жарыялаган макалалары жана “расмий коррупция” тууралуу жазганына байланыштырат.

Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык жаңжалдан кийин кармалып, массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр декабрда Жогорку Сот баштапкы баскычтагы эки соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жаткан Азимжан Аскаров ушул айдын башында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кайрылган. (UE)

XS
SM
MD
LG