ХАМАСтын расмий өкүлү Айман Таханын билдиргенине караганда, ок атышууну токтотуу боюнча Египет ортомчулук кылган макулдашуу Бишкек убактысы боюнча таңкы төрттөн тарта күчкө кирет.
Израил тарап бул маалыматты азырынча ырастай элек.
Мурдараак Египеттин президенти Мохаммед Мурси эки тараптын ок атышуусун токтотуу боюнча аракеттер шейшемби күнкү кечке дейре натыйжа берип каларына ишеним билдирген.
Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү Газа кризисин узак мөөнөткө жөндөө ишинде өнөктөш боло аларын, бирок ХАМАСтын ракета атууларын токтотуу маселесинде дипломатиялык чечим табылбаса, Израил өзүн коргоону уланта берерин айткан.
Израил операция баштаган өткөн шаршембиден бери Газада 100дөн ашуун адам, анын ичинде 27 жаш бала, көбүнесе жөн-жай тургундар каза тапты. ХАМАСтын ракеталарынан Израил үч тургунун жоготкон. Израил анын аракеттери Газадан өлкө аймагына ракета атылышын токтотуу максатын көздөрүн айтып келди. (UE)