Израилдин армиясынан кабарлашкандай, кечээ Газа тилкесинен атылган ракетадан Израил-Газа чек арасындагы Эшкол аймагында жөөт аскери набыт болду. Кабарды армиянын расмий өкүлү ырастады.
Ал арада Израилдин өкмөтүнүн расмий өкүлү Марк Регев Палестинадагы куралчан ХАМАС тобу менен атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшүүгө азыр эртелик кылаарын билдирди. Анын айтымында, жөөт армиясынын Газадагы операциясы дипломатиялык аракеттер менен катар улантыла берет.
Бир аз мурдараак ХАМАСтын расмий өкүлү атышууну токтотуу боюнча Египет сунуш эткен келишимди Израил менен бирге жактырууга макулдашканын билдирген болчу. Египеттин президенти Мохаммед Мурси да ал келишим күчүнө кирет деп ишенээрин айткан.
Бир аптадан берки атышууларда Палестинадан кеминде 120 адам набыт болду. Израилде төрт киши көз жумду.