Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

БУУнун баш катчысы Сириядагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирди


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ Каирде Араб лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби менен сүйлөшкөндө Сириядагы гуманитардык абалга “терең тынчсыздануусун” билдирди.

Баш катчы адам укуктарынын “орой бузулуп” жатканын, зордук-зобун күчөгөнүн, Сирия “регионалдык согуш майданына” айлануу коркунучунда калганын айтты. Пан Ги Мун эл аралык коомчулукту гуманитардык жардамга көбүрөөк салымын кошууга үндөп, өлкөгө коңшулаш мамлекеттерди Сириядан качкан адамдарга колдон келген жардамын аябоого үндөдү.

Шейшембиде Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг анын өлкөсү Сирия оппозициясы түзгөн жаңы коалицияны “сириялыктардын легитимдүү өкүлчүлүгү” катары тааныганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG