Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Орусияда БӨУ “чет өлкөлүк агенттер” жөнүндө мыйзамга баш ийбээрин айтышты


Өлкөдөгү негизги бейөкмөт уюмдар бүгүндөн тарта күчүнө кирген “чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү” мыйзамга бойкот жарыялашты. Ага ылайык, чет мамлекеттерден грант алып иштеген жана Орусияда “саясий иштерге” аралашкан бейөкмөт уюмдар эми “чет өлкөлүк агент” катары каттоодон өтүшү керек. Активисттердин ишениминде, аларды мындай атоо менен өкмөт бул уюмдарга ишенимди жоготуп, кысымын күчөтүүнү каалайт. Президент Владимир Путин ал документти “Орусиянын ички иштерине сырттан кийлигишүүнү болтурбоо аракети” катары сыпаттаган.

Орусиядагы алдыңкы бейөкмөт уюмдары: “Мемориал” укук коргоо уюму, шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү “Голос” уюму жана Москвадагы Хельсинки тобу ал мыйзам боюнча каттоодон өтүүдөн баш тартышты. “Мемориалдын” адвокаты Фуркат Тишаевдин айтканына караганда, алар Европадагы Адам укуктары сотуна кайрылганы жатышат. “Эл аралык мунапыс” (Аmnesty International) уюму мыйзамды жокко чыгарууга чакырган.

XS
SM
MD
LG