Кечээ кечинде Иерусалимге барган АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон “Газада Израил-ХАМАС жаңжалы басылышы өзгөчө маанилүү экенин” айтты. Ал бул сапарында бир негизги максат - “президент Обаманын Израилдин өзүн коргоо укугун АКШ толугу менен чечкиндүү колдойт” деген сөзүн айтыш үчүн келгенин белгиледи. Израилге атылып жаткан ракета чабуулдары токтотулушу керектигин айтып, Клинтон бүгүн Каирде абалды Египеттин президенти Мохаммед Мурси жана башка тараптар менен талкуулай турганын да кошумчалады.