Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Кыргызстанда электр энергиясын ашыкча пайдалангандарга бааны көтөрүү каралууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, бир айда 300 киловаттан ашык электр энергиясын пайдалангандарга анын баасы 30 тыйынга көтөрүлүшү мүмкүн. Бул ишканаларга да, жөнөкөй жарандарга да тиешелүү болмокчу. Мындай демилге электр энергиясынын наркы өзүн-өзү актабай жатканы үчүн сунушталууда.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, учурда орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору иштелип жатат. Анын алкагында жогорудагы демилгенин да эсеп-кысабы жүргүзүлүп, көтөрүлгөн тарифтин өлчөмү аныкталат. Андан соң коомдук талкууга коюлуп, ага 2 ай убакыт берилет.

Кыргызстанда учурда электр энергиясынын баасы жарандарга 70 тыйындан, ал эми ишканаларга 1,50 тыйындан сатылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG