Ички иштер министринин орун басарлары болуп Кашкар Жунушалиев жана Болот Абакиров дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аларды министрликтин өздүк курамына кечээ өкмөттүн коргоо жана укук тартиби боюнча бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жакыпов тааныштырды.
Жаңы дайындалган орун басарлардын бири Кашкар Жунушалиев буга чейин да министрдин орун басары катары иштеп, бирок быйыл январ айында кызматынан кыянат пайдаланган деп кылмыш ишин козголуп, кызматтан кеткен эле. Андан соң сот тарабынан акталганы айтылууда.
Болот Абакиров мурда ИИМдин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген. (BkA)