Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Баткен: талапкерлердин соттолуп-соттолбогону толук аныктала элек


Бул тууралуу шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча облустук штабдын жетекчиси Карамат Орозова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, облус боюнча 5 миңдей киши жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер катары катталган.

Талапкерлердин тийиштүү кагаздарында мурда соттолуп-соттолбогону боюнча маалымат болушу шарт. Мындай маалыматтарды камсыздоочу борбор Баткенде жок болгондуктан ушул күнгө чейин бул иштер аягына чыга элек. Бул Ош шаарындагы маалымат аналитикалык борбордон такталышы керек. "Эгер бул иштер добуш берүүгө чейин бүтпөй калса, шайлоодон кийин да мыйзамга ылайык чаралар каралат", - дейт Кармат Орозова. (JsA)

XS
SM
MD
LG