Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтканына ылайык, былтыр 10 айда 15 факты катталса, быйыл 21ге жетти жана 8 жолу өз жанын кыюу аракети болду.
Жанынан аша кечкендердин басымдуу бөлүгүн 15-18 жаштагылар түзөт. Алардын ичинен он факт үйдөгү түшүнбөстүктөн, үчөө ашыктык мамилелерден, бирөө оорудан келип чыкканы аныкталган. Калган 7 фактынын себебин иликтөө уланууда.
Мындай фактыларды алганда, облус боюнча Жети-Өгүз району жана Каракол шаары биринчи орунда турат. (MK)