Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ош милициясы улут аралык араздашуу болгонун төгүндөдү


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков улут аралык араздашуу орун алганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, шаардагы “Навруз” деп аталган кафеде эки улуттун өкүлдөрү мушташканы такталган эмес. Муну кафенин ээси да ырастоодо. Сыдыков жыл башынан бери улут аралык араздашуу боюнча шаардык милицияга бир дагы арыз түшпөгөнүн белгиледи. 

Буга чейин айрым интернет сайттарда "Навруз" деген кафеде уруш болгонун, андан айрым адамдар жаракат алганын жазып жиберген болчу. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG