Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ысык-Көл: электр энергиясын пайдалануу көбөйдү


"Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Гүлмира Тониеванын билдиришинче, соңку он айда Ысык-Көлдө 1 миллиард киловаттан ашык электр энергия пайдаланылды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 100 миллион киловаттка көптүк кылат. Электр энергиясындагы жалпы жоготуу 21 пайызды түздү. Бардык төлөм 813 миллион сом болду жана анын 90дон ашык пайызы, тактап айтканда 737 миллион сом чогулду. Учурда электр энергия үчүн айрым бюджеттик мекемелер бересе. (MK)

XS
SM
MD
LG