Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Казакстанда эки оппозициячыл топко тыюу салынышы мүмкүн


Казак бийликтери эки оппозициячыл топту жана бир нече маалымат каражаттарын “экстремисттик” деп, тыймак болууда. Алматы шаар прокуратурасы каттоодон өтө элек “Алга” партиясын жана Элдик кыймылды экстремисттик деп таанууну соттон сураганын Казакстандын башкы прокурорлугунун өкүлү Нурдавлет Суюндуков маалымдады. Ошондой эле оппозициячыл “Республика” жана “Взгляд” гезиттери, K Plus телеканалы, дагы бир нече сайт жабылыш керек деди. Өткөн айда “Алганын” ана башы Владимир Козлов жумушчулардын декабрда Жаңы-Өзөндө болгон нааразылык чыгууларына катыштыгы бар деп, жети жылга кесилген. Казакстан журналисттер союзу жана маалымат каражаттарынын укуктарын коргоочу “Адил сөз” уюму прокуратуранын аракетин мыйзамсыз деп атады.

XS
SM
MD
LG