Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Израил-ХАМАС аткылашуусу уланууда


Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС уюму менен Израил ортосундагы аткышууларды токтотуунун жолдорун АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон жана Палестин президенти Махмуд Аббас талкуулашты. Экөө Батыш Ордандын Рамалла шаарында кездешти. Клинтон айым бүгүн кечинде Каирге барат. Египет сегиз күндөн берки куралдуу калабадагы башкы ортомчу. Аткылашууда 136 палестиналык жана беш израилдик набыт болду.

Хиллари Клинтон шейшемби күнү Иерусалимде Израил премьер-министри Бинямин Нетяняхуга жолуккан. ХАМАС менен элдешүү мүмкүнчүлүгүн Израил четке какканы кабарланды. Кризисти жөндөөгө көмөктөшүү үчүн Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да регионго келген.

Бүгүн Израил Газага 100дөн ашуун сокку урду. ХАМАС Израилдин түштүгүнө төрт ракета атканын жөөт армиясы билдирди.

XS
SM
MD
LG