Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:11

Ош: милиция шайлоодо коомдук коопсуздукту элдик кошуун менен бирге күзөтөт


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шайлоого байланыштуу бүгүнтөн тарта элдик кошуундун мүчөлөрү менен бирге коомдук коопсуздукту күзөтө баштайт.

Бүгүн шаардык милиция башчы Сүйүн Өмүрзаков элдик кошуундун жетекчилери менен жолугуп макулдашты. Негизи Ош шаарынын өзүндө шайлоо болбойт, бирок жака белиндеги айылдарда шайлоо болот. Шаардык милициянынын маалымат катчысы Замир Сыдков шайлоодон утулган партиялар борборго келип ар кандай нааразылык акцияларды уюштурушу ыктымал экенин белгиледи.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында милиция кызматкерлери 23-26-ноябрь күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштей турганы кабарланган. Бардык 2028 шайлоо чөлкөмдөрүн кайтарууга тартип коргоо органын 5 миңдей кызматкер тартылмакчы. Аларга элдик кошуундун 900дөй мүчөсү жардам берет. (EBM)

XS
SM
MD
LG