Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Баткен: Чек арадагы айылда талапкерлер шайлоону тынч өткөрүүгө макулдашты


21-ноябрда Баткен облусундагы Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Арка айылында жергиликтүү кеңешке талапкерлердин жыйын өттү. Иш чаранын уюштуруучусу, жаштар лидери Саатбек Эгембердиевдин «Азаттыкка» маалымдашынча ага аймактагы талапкерлерден 40 киши катышып, шайлоону тынч жана мыйзам алкагында өткөрүү боюнча сунуштарын айтып, жыйынтыгында меморандум кабыл алынды.

Жыйынга аймактык шайлоо комиисиясынын жана акимчилик өкүлдөрү катышып, шайлоо боюнча талапкерлерге түшүнүк беришти. Жаңы талаптарга ылайык өтүп жаткан бул жолку шайлоонун канчалык маанилүү экени, айрыкча чек аралаш аймакта мыйзамдуулукту сактап, жаңжалдарга жол бербөө зарылдыгы баса белгиленди. Иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун колдоосу менен уюштурулду.

25-ноябрда Кыргызстан боюнча 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG