Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Грузияда чиновниктерди камакка алуу уланууда


Тбилисинин суу менен камсыздоо компаниясынын мурдакы башчысы жана шаардын ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Геги Келбакиани бүгүн камакка алынды. Анын адвокаты жана бизнес өнөктөшү Арчил Жоржолиянын билдиришинче, Келбакиани мыйзамсыз кирешесин жашырган жана орток компаниянын арам акчасын адалдаштырган деп шектелүүдө. Грузиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, Келбакиани Тбилисинин мэри Геги Угулава менен жакын алакада болгон. Угулаванын орун басары Шота Кизанашвили өткөн жумада кеңсеси жана үйү тинтилген соң камакка алынган. Кизанашвили жана Грузиянын ички иштер министрлигинин 12 жооптуу кызматкери кызмат абалын кыянат пайдаланган жана адамдардын укугун бузган деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG