Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Израил менен ХАМАС атышууларды токтотууну макулдашты


Египеттин Тышкы иштер министри Мухаммед Камел Амр менен АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон биргелешкен маалымат жыйында, Каир, 21-ноябрь, 2012
Египеттин Тышкы иштер министри Мухаммед Камел Амр менен АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон биргелешкен маалымат жыйында, Каир, 21-ноябрь, 2012
Израил менен ХАМАС бир аптадан бери Газа тилкесинде жана ага жакын аймактарда уланып жаткан атышууларды токтотуу келишимине жетишти. Египеттин тышкы иштер министри Мухаммед Камел Амр келишим тууралуу өткөн түнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен биргелешкен маалымат жыйынында жарыялады.

Клинтон келишимди жылуу кабыл алганын билдирип, Египеттин президенти Мохаммед Мурсинин Газадагы зордук-зобунду токтотууга кошкон жеке салымы үчүн президент Барак Обама өзгөчө ыраазычылык билдиргенин айтты.

"Бул – жалпы регион үчүн чечүүчү учур. Египеттин жаңы өкмөтү бул өлкөнү узактан бери региондогу стабилдүүлүк менен тынчтыктын тирөөчү кылып келген жоопкерчиликти жана жетекчиликти өзүнө алды", - деди Клинтон.

Сегиз күнгө созулган атышууда 148 палестиналык набыт болду, Израил тараптан беш адам көз жумду. Ал арада, АКШнын президенти Барак Обама Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяхуга телефон чалып, аны Египеттин атышууну токтотуу тууралуу сунушун колдогону үчүн мактады.

XS
SM
MD
LG