Түркия НАТОго кайрылып, өзүнүн аба мейкиндигин коргош үчүн “Патриот” ракета системасын жайгаштырууну суранды. Түндүк атлантикалык альянстан шаршембиде билдиришкендей, расмий Анкаранын өтүнүчү Сириянын чабуулунан коргонуу максатында жасалган.
Альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Түркиянын суранычы “токтоосуз каралат” деп билдирди. Анын айтымында, андай ракеталардын жайгаштырылышы “Түркиянын аймагын жана элин коргош үчүн жумурияттын аба мейкиндигин коргоо күчтөрүнө дурус көмөк болмок”. Андан сырткары, НАТОнун түштүк-чыгыш чек арасында чыңалган абалды да жеңилдетмек.
Азырынча “Патриот” ракетадан коргонуу системасы НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен АКШда, Германияда жана Голландияда бар. Альянстын эксперттер тобу Түркияга да балким ушул системаны жайгаштырууну караштырыш үчүн келерки аптада Анкарага жөнөп кетишет.