Бүгүн Пакистан мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин сейрек уюштурулчу саммитин баштайт. Анда катышуучулар ич ара соода алакаларын жакшыртып, инвестиция тартуу маселелерин талкуулашмакчы. D-8 саммитине Бангладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия, Пакистан жана Түркиянын жетекчиликтери катышууда. Бул өлкөлөрдүн калкынын жалпы саны бир миллиард адамды түзөт.
Форумдун катышуучуларынын арасында Жакынкы Чыгыштагы негизги оюнчулар: Иран президенти Махмуд Ахмединежад, Египеттин мамлекет башчысы Мухаммед Мурси жана түрк өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайып Эрдоган бар. Нигериянын лидери Гудлак Жонатан Исламабадга кечээ келди. Саммитке Индонезиянын президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно да катышаары айтылган. Бангладеш менен Малайзиядан бул жолугушууда кеңешчи жана министрлер деңгээлиндеги өкүлдөр болот.
D-8 (Өнүгүп жаткан сегиз өлкө) саммитинин башкы максаты – анын мүчөлөрү ичинде азыр 130 млрд.долларды түзгөн соода-сатыктын көлөмүн 2018-жылга чейин 507 млрд.долларга көтөрүү.