Боршайком кечээки жыйынында “Республика” партиясына үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бергени үчүн эскертүү бергенин “Азаттыкка” БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, БШКга "Транспортчулар" партиясы “Республика” партиясы шайлоочуларга акча таратып жатканын билдирип, арыз менен кайрылган. Анда “Республика” партиясынын мүчөлөрү 17-ноябрда “Ак Кула” ат майданында ат оюндарын өткөрүп, шайлоочуларга акча таратканы айтылган. БШКнын жыйынында “Республика” партиясы шайлоочуларга акча таратканы далилденген жок, бирок жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилгени ырасталды. Мындан улам БШКнын мүчөлөрү үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө байге сайылган массалык иш-чара өткөрүү мыйзамга каршы келээрин билдирип, эскертүү жарыялады.(BkA)