Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

“Кристалл” заводу боюнча аукцион өтпөй калды


Жалал-Абаддагы кремний иштетүүчү “Кристалл” ишканасына кызыккан бир да инвестор чыкпай, аукцион өтпөй калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин департамент башчысы Болсунбек Казаков билдирди.
Буга чейин заводду сатып алууну каалаган австриялык инвестор каржылаган Riche.kg компаниясы өлкөдөгү туруксуздуктан кооптонуп, ал ойдон баш тарткан.

"Кристалл" ишканасын 2010-жылы 7-апрелге чейинки 420 млн. сом карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги банкрот деп жарыяланган. Ишканага ээлик кылган казакстандык компания буга каршылыгын билдирип, сотко кайрылган. Сот да компанияны банкрот деп жарыялоого макул болгон. Мамлекеттин үлүшү жок бул заводдун наркы 6 млн. долларга бааланууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG