Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Обдунов боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов боюнча комиссия түздү. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирди. Башкы прокуратура кечээ, 21-ноябрда Обдуновдун кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен парламентке кайрылган болчу.

Обдуновго 15-ноябрда кылмыш иш козголгон. Депутат 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган деп айыпталууда. Учурда бул кылмыш ишти Ош шаардык прокуратурасы тергеп жатат. Обдунов мындай айыптарды жокко чыгарууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG