Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева бүгүн координациялык жыйында билдирди. Анын айтымында, 27 миңдей адам өзүн тизмеден такыр таппай, атайын форма толтурду. Калгандары аты-жөнү сыяктуу жеке маалыматтарды тактады.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бардыгы болуп 2,5 миллиондой адам добуш берет. Буга чейинки президенттик шайлоодо тизмеге байланыштуу чыр чыккан эле. Добуш берүү күнү өзүн тизмеден таппай калгандар көп болгон.
Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо 25-ноябрда өтөт. (EBM)