Президент Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы прокуратура коомдогу мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин кепилдиги экенин белгилеп, аларды принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)