Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

УКМК: Улуттарды кайраштырган чет өлкөлүк жаран аныкталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конор Прасад аттуу Ирландиянын жараны Ошто өзбек тектүү жарандарды кыргыздарга кайрап жүргөнүн маалымдады. Бул чет өлкөлүк жаран Ошко Кризисти алдын алуу боюнча эл аралык топ аркылуу келген. Ал жүргөн унаада табылган электрондук, дагы башка материалдарды, документтерди Ош мамлекеттик университетинде филологиялык-саясий экспертизадан өткөргөн. Жыйынтыгында улут аралык араздашууну козутаары, өлкөдөгү стабилдүүлүккө жана туруктуулукка, коопсуздукка шек келтирери аныкталган.

Атайын кызмат учурда бул чет өлкөлүк жаранга кыргыз жана эл аралык мыйзамдардын чегинде чара көрүү маселесин чечип жатат. Аталган эл аралык уюм кызматкери тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG