Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Газада ок атышууну токтотуу келишими сакталып жаткандай


АКШ мамлекеттик катчысы менен Египеттин тышкы иштер министри ок атышуу токтотуу макулдашылганын жарыялоодо. Каир, 21-ноябрь, 2012-жыл.
Тараптар ок атышууну токтотуу келишимине жетишкенин кечээ кечинде Каирден Египеттин тышкы иштер министри Мухаммад Камил Амр жана АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жарыялашкан.

Мунун артынан Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху ал мындай кадамга барууда АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча Египет ортомчулук аракетине мүмкүнчүлүк берүү кеңешин эске алганын билдирген.

ХАМАСтын лидери Халид Машаал ок атышуунун токтошун Израилдин “тактикалык жеңилиши” катары мүнөздөдү.

БУУнун сүйлөшүү жараянына аралашкан баш катчысы Пан Ги Мун эки тарапты тең макулдашуу шарттарын сактоого чакырды.

Израил менен ХАМАСтын бир аптага созулган атышуусу учурунда 161 палестиналык, анын ичинде 71 жөн-жай тургун, беш израилдик каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG