Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Нарындыктар Кумтөрдү иштеткен компаниядан кун талап кылды


Бүгүн Нарын шаарына Кумтөр боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия барып, эл менен жолугуп жыйын өткөрдү. Анда комиссия төрагасы Темир Сариев иштери тууралуу малымат берди. Теңиртоолуктар Күмтөрдү иштеткенден Нарын дарыясы булганып жатканын айтып, экологиялык зыянга калган элге компенсация төлөп берүү жана суу текшерген лаборатория куруу талабын койду. Комиссия менен кошо келе "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын жетекчи орун басары Андрей Сазанов Нарын дарыясы кен иштетүүдөн булганып жатканын эл аралык эксперттер аныктаса, ошого жараша талаптарын аткарууга убада кылды.

Кумтөр боюнча абалды иликтөө үчүн кыргыз өкмөтү ушул жылдын июль айында комиссия түзгөн. Кендеги экономикалык, экологиялык жагдай, кенди иштетүү боюнча канадалык инвестор менен келишимдин аткарылышы тууралуу мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңешке отчет берет.

Буга чейин Кумтөрдөгү абалды депутаттык комиссия иликтеп, мурдагы келишимдердин баарын кайра карап чыгуу жана "Центерра Голд Инк" компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларынын үлүшүн жогорулатуу талабын койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG