Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Оппозиция 28-ноябрда Ала-Тоо аянтына нааразылык акцияга чыгат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ыңкылапчы саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди. Ал алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу бул акцияны уюштуруп жаткан демилгелүү топко киргендерди атоодон баш тартты. Бекназаров митингде азыркы саясий кырдаал, саясий куугунтук жана Кумтөр маселеси боюнча талаптар коюлаарын, азыркы бийликтин кемчиликтери айтылаарын белгиледи.

Бекназаров август айынын этегинде чоң саясатка кайтып келгенин, азыркы өкмөткө оппозиция болоорун жарыялаган. Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча жаңы кыймылга кошулаарын билдирген болчу. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG